«Түндүкэлектр» мамлекеттик ишканасы Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинин карызы көп болгондуктан электр жарыгын өчүрүүгө мажбур болду. Бул тууралуу медиа эксперт Елена Баялинова билдирди.
Анын айтымында, бүгүн музейде көргөзмө ачылып жатканда «Түндүк электр» ААКнын кызматкери келип, электр жарыгын өчүрүп салууга мажбур болушкан.
«Убада кылынган капиталдык ремонттон куру калганы аз келгенсип музейди мезгил-мезгили менен жааган жамгыр жеп жатат, эми «Түндүкэлектр» ишканасы 103 миң сом карызы үчүн электр кубатын өчүрүп салабыз деп коркутуп жатат. Бул жүздөгөн баалуу сүрөттөрдү жана экспонаттарды камтыган видео байкоо камераларынын иши жана маданий мурастарды сактоо коопсуздугу, ошондой эле атайын температура жана желдетүү режимин сактоо, дегеле музейдин жылуулугу менен жарыгы да. Музей кантип жылуулугу анан жарыгы жок иштейт?», — дейт ал.
Музейдин администрациясында айтылгандай, кечээ алар карыздын эсебинен 30 миң сом төлөштү. Ошондой эле карызды төлөөнү 15-апрелге чейин калтыруу өтүнүчү менен кепилдик катын тапшырышкан.