7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лейлекте мал уурулукка шектелип 21 жаштагы жаран кармалды

666

Лейлекте кылмыш жасап изин жашырып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, март айында Лейлек районунун Раззаков шаарынын 57 жаштагы тургуну өзүнүн мал сарайынан түн ичинде белгисиз жарандар 3 баш бодо малын уурдап кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган.

Бул факты Лейлек РИИБне Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам-иликтөө иш чараларынын натыйжасында Халмион айылындагы мал базарда мал сатып жүргөн Раззаков шаарынын 21 жаштагы Ж.С. атуу тургуну аныкталган.

Шектүү кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында уурдалган бодо малдарды сатып жаткан жеринен малдарды таштап өзүнүн изин жашырганга үлгүргөн.

Ыкчам изилдөө иштеринин жүрүшүндө шектүү Кадамжай районунун аймагында качып жүргөн жеринен кармалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү ушул жылдын январь айларынын аяк чендеринде Раззаков шаарынын автобекетинде жайгашкан «My Travel KG» аталышындагы авиакассанын айнегин талкалап кирип, 50000 сом акчаны уурдап кеткендиги белгилүү болгон.

Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

667