Лейлек районундагы Арка айылында ураган үйлөрдүн биринен жарылбай калган артиллериялык мина табылган.
Андагы маалыматка ылайык асмандан түшүп жарылбай калган.
«Адистер саперлор менен иликтөө иштерин дагы да улантып жатат, андыктан үйүнө кайткан жергиликтүү тургундарды сак болууга чакырат»-деп жазылат.
Интернетте таркаган маалыматты расмий булактар азырынча тастыктай элек.
Жарылбай калган артиллериялык мина канчалык кооптуу экедигин, бул жаатта билим берген, артиллерист Баатырбек Султановдон сурадык.
«Бул «Ручной противотанковый гранатамет 7-м» -деп аталат. Жарылбай калган болсо демек кооптуу. Жакшысы тийбеш керек. Себеби, астында гранат болушу мүмкүн. Жакшысы аскер адамына кайрылыш керек. Ал эми сүрөттөгү минанын башы, аягы ачык. Демек жарылган болушу да мүмкүн. Жанынан атайын адистер караш керек» — дейт Султанов.
Мындан сырткары Баткен районуна караштуу Ак-Сай айылынын М.Ходжаев мектебинин короосунан да жарылбай калган снаряд табылган. Ани министрди жардамчысы тартып алган.