7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лейлекте тажик аскерлери кол салып, ок атышуу катталды

3260

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү 2021-жылдын 8-июлу саат 17.00 чамасында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара мекемелеринин аскер кызматкерлеринин ортосунда ок атышуу орун алгандыгын маалымдайт.
КР УКМК Чек ара кызматынын атчан чек ара кезмети Баткен облусунун Лейлек районунун Наумина ашуусуна жакын жерде кызматын өтөп жаткан, аталган багыттан Чашмагильдан ашуусуна карай кетип бара жатышканда Тажикстандын чек арачылары тарабынан күтүүсүздөн кол салууга кабылышкан.
Аскер кызматкерлеринин ортосунда ок атышуу болгон.
Чыр-чатак учурунда жаракат алган аскер кызматкерлери боюнча маалымат такталып жатат.
Орун алган окуянын келип чыгуу себептерин жана жагдайларын териштирүү максатында күч структуралырынын жетекчилери жана КР УКМК Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Кыялбек Төлөнбаев жөнөп кетишти. Эки тараптын чек ара өкүлдөрү бул факты боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3261