Баткендин Лейлек району курчоого алынып турат деген маалымат жалган. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматтык-аналитикалык бөлүмүнүн жетекчиси Мирзамир Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, Лейлекте Чек ара кызматынын тийиштүү күч жана каражаттары бар.
“Алар өз кызматтарын аткарып жатат. Бирок Лейлекти Баткен шаары менен байланыштырган жолдордо маал-маалы менен тоскоолдуктар болуп, жолду жабууга аракеттер болууда”, — дейт ал.
Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 163 адам жабыркап, 33 киши каза болду.
Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.