Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Жогорку сотто судья кызматын аркалоого талапкерлер каралды.
Депутаттар Сулайманкул Атакулов, Тыныбек Бекешов жана Аида Сейдакматованын талапкерлигин жактырышты. Ошондой эле алар ант беришти.
Талапкер Ленин райондук соту Аида Сейдакматованын айтымында, соттордун бир айлык маянасы 80 миң сомду түзөт. Бул маянаны чегерүүдө эмгек тажрыйбасы жана квалификациялык рангы эске алынат.
“Мен соттун башчысы болгондуктан 80 миң сом айлык алам. Мындан тышкары, менин жашыруун материалдарды кароого укугум бар. Башка соттор азыраак алышат. Менин эмгек тажрыйбам менен бир эле иштеп жүргөн айрым судьялар 30 миң сом айлык алышат. Баарынын айлыгы бирдей деп айтууга болбойт”, — дейт ал.