7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ленин районунун башчысы соодагер Алмакан айым менен жолугушту

317

Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев «Ош базарында» көчөдө соода кылган Алмакан айым менен жолугушту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө Алмакан айым Чыныбаевге Ленин районун тургуну экенин, шаар ичинде туруктуу каттоосу жана документтери жоктугун айтып берген.

«Баарлашуу учурунда район башчысы Алмакан айымга Ленин районуна туруктуу каттого тургузууга, документтерин алууга жана мындан ары муниципалдык администрация социалдык жактан колдоо көрсөтөрүн билдирди. Ошондой эле, Алмакан айымга «Ош базарынын» ичинен соода оруну сунушталды», — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин жумуш ордуна чапталып, аны коргогон аялдын видеосу кызуу талкууга алынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

318