Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин басма сөз кызматы бир айдан бери өздүгү такталбай жаткан маркумдүн сүрөтүн жарыялап, өздүгүн аныктоого коомчулуктан жардам сурады.
«Урматтуу шаар тургундары, жансыз денеси табылган маркумдун өздүгүн аныктоого жардам сурайбыз. Маркум тууралуу кандай маалымат болсо да тергөө кызматына төмөндөгү номурлар аркылуу кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз! 0 (312) 352-605, 0 (705) 450-553, 0 (553) 102-465 и 102» -деп жазылат.
Маалыматка ылайык, 30-35 жаштар чамасындагы маркумдун сөөгү Айни көчөсүнөн 6-августта табылган. Алгачкы кароода күч колдонуунун белгилери байкалган эмес.
Белгилери: азият түспөлүндө, бою 170-175 см, кашы, чачы кара. Боз сызыгы бар кара футболка, кара спорттук шым кийген, бутунда көк шлепка.