7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лицейде сабалган окуучу. Мугалим менен директордун орун басары иштен алынды

825

Кызыл-Кыядагы кыргыз-түрк «Сапат» билим берүү лицейинде мугалим окуучуну уруп жаткан видео соцтармактарда тарады. Окуя боюнча Баткен ОИИБ учурда териштирүү жүрүп жатканын билдирди.

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси маалымат таратып, жетекчилик жабыр тарткан окуучулар менен алардын ата-энесинен кечирим сурады.

«24-январында “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинде билим берүү мекемесине жарашпай турган жагымсыз окуя болду. “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин жетекчилиги балага кол көтөргөн педагогдун туура эмес аракеттеринен жабыр тарткан окуучулар менен алардын ата-энесинен чын дилинен кечирим сурайт. Өз кезегинде жетекчилик Кызыл-Кыя шаарындагы Раззаков атындагы лицейдин администрациясы менен педагогуна тиешелүү чараларды көрдү, ошол эле учурда окуучулардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргойт. Тилекке каршы, “Сапат” таза, гумандуу иштеген башка педагогдордун ак эмгегине шек келтирген педагогдор кездешпей койбой турганын билдирет. 32 жылдык тарыхыбызда биз баланы зомбулуктун бардык түрүнөн коргоо принцибин жогору тутуу менен, баланын бардык кызыкчылыктарын камсыздоо максатында алардын укуктары менен кызыкчылыктарынын биринчи кезектелигин эске алуу менен иштеп келгенбиз жана иштей беребиз. Балага кол көтөрүү эч качан акталбайт жана биздин билим берүү мекемебизде жол берилбейт. Мугалим менен тарбия иштери боюнча директордун орун басары жумуштан бошотулду. Директордун жеке жоопкерчилиги Башкы дирекциянын педагогикалык кеңешинин чукул жыйынында каралат»,- деп берилет маалыматта.

826