Бүгүн, 22-майда кээ бир райондордо мөндүр, жаан-чачын жаап, катуу шамал күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлайт.
Ошондой эле өткүн өтүп, бийик тоолордо кар жаайт. Айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Ал эми Бишкек шаарында жаан жаайт.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 15…20,
- Талас облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 13…18,
- Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 12…17, күндүз 18…23,
- Нарын облусунун дыйканчылык зоналарында түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19,
- Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүз 14…19,
- Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6°.
- Бишкекте түнкүсүн 15…17, күндүз 17…19 градус жылуу болот.