7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкө башчы Катар мамлекетинин Кыргыз өлкөсүндөгү элчисин кабыл алды

606

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта, Катар мамлекетинин Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайтини кабыл алды.

Анда саясий, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргыз өлкөсү Катар менен өз ара байланыштарды ар тараптуу өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи.

Садыр Жапаров саясий кызматташтык тууралуу айтып жатып, акыркы жылдары эки өлкө ортосунда көптөгөн биргелешкен иш-чаралар жана ар кандай деңгээлдеги өз ара иш сапарлар уюштурулганын айтты.

Кыргыз-катар мамилелерин жандандыруу жана жаңы деңгээлге көтөрүү максатында президент эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруунун актуалдуулугуна токтолду.

Садыр Жапаров Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргыз өлкөсүнө мамлекеттик иш сапары 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу жылдырылганын эске салып, кыргыз тарап аны быйылкы жылы күтүп жатканын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле соода-экономикалык чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүүнүн зарылдыгын, өлкөлөрдүн ортосунда пайдаланылбай жаткан зор потенциалды баса белгиледи.

Ал соода-экономикалык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын биргелешип жана жигердүү алдыга жылдырууга чакырды, үстүбүздөгү жылы кыргыз-катар өкмөттөр аралык комиссиясынын экинчи отурумун өткөрүүнү сунуштады.

Ошондой эле, мамлекет башчысы экологиялык жактан таза ата мекендик айыл чарба продукцияларын араб өлкөлөрүнө, анын ичинде Катарга экспорттоого даярдыгын билдирди.

Катар элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти мамлекет башчысына жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал бүгүнкү күндө эки тараптуу кызматташуунун алкагында Кыргызстандын аймактарында бир катар медициналык, билим берүү жана инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатканын баса белгиледи.

Абдулла бин Ахмед Ас-Сулайти жаңы биргелешкен социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

607