7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров ДСУнун Европадагы регионалдык бюросунун директору менен жолугушту

533

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта, өлкөгө расмий иш сапары менен келген Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европадагы регионалдык бюросунун директору Ханс Клюге менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин апаратынын басма сөз кызматты билдирди.
Мамлекет башчысы пандемияга каршы күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн ДСУга ыраазычылыгын билдирип, аталган уюм Кыргызстанда коронавирус инфекциясына даярдык көрүү жана алдын алуу багытында секторлор боюнча ведомстволор аралык планды иштеп чыгууда маанилүү роль ойногонун белгиледи.
Ошондой эле ал санариптик саламаттыкты сактоону ишке киргизүү, жарандарга психикалык саламаттыкты сактоо жана психосоциалдык колдоо боюнча саясатты өркүндөтүү, калкты эмдөө жолу менен алдын ала турган ооруларды жоюу жана сергек жашоону үгүттөө жаатында кызматташууга даяр экенин белгиледи.
ДСУнун регионалдык директору Ханс Клюге Кыргызстанга акыркы жолу келип кеткенден бери өлкөдө саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө көптөгөн жакшы өзгөрүүлөр болгонун белгиледи.

Ал Кыргызстанда саламаттык сактоо системасын реформалоо жана өнүктүрүү үчүн жакшы шарттар түзүлгөнүн айтып, «Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калктын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыкта көрсөтүлгөн чаралардын өзгөчө маанисине токтолду.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө калктын саламаттыгын сактоо жана коронавирус инфекциясына каршы эмдөө артыкчылыктуу багыт болушу керек.

Ал ошондой эле медицинаны өнүктүрүү үчүн санарипке өтүүнүн маанисин айтып, ДСУ бул багытта Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин кошумчалады.

Ханс Клюге баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү реформалоодогу алгылыктуу жетишкендиктерди канааттануу менен белгилеп, бул багытка мындан ары дагы көңүл буруу зарылдыгына токтолду.

ДСУнун Европадагы регионалдык бюросунун директору жигердүү кызматташууну улантууга даяр экенин айтып, өлкөдө эмдөө иштеринин башталганына канааттанганын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

534