Өлкө боюнча 773 айылга таза суу киргизиле баштайт. Бул тууралуу Cуу ресурстары, айыл чарба министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, курулуш-монтаждоо жумуштары баскычы: 120 айылда курулуш монтаждоо жумуштары жүрүп жатат.
— Долбоорлоо: 229 айыл боюнча долбоор-сметалык документация даярдалууда.
— Сатып алуулар: 27 айыл боюнча курулуш жумуштарына тендер өткөрүлүүдө. Белгилей кетсек, маалымат өзгөрүп турат.
— Долбоорлоого даярдык: 219 айыл ДСД даярдоого документтер топтолууда, анын ичинен 95 айылга иш-кагаздар толугу менен топтолду.
— Техникалык-экономикалык негиздеме: 177 айылда ТЭН даярдалууда.



