7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Астанада «Жамийла» мюзикли аншлаг менен өттү

318

Казакстандын борбору Астана шаарында кечээ, 18-мартта Калибек Куанышбаев атындагы Казак улуттук музыкалык драма театрында Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде коюлган «Жамийла» мюзикли аншлаг менен өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди.

Спектакль көрүүчүлөр тарабынан жогору бааланды. Мюзикл эки боордош элдин маданий жакындыгын жана достугун даңазалаган чыгарма катары кабыл алынды.

Аталган маданий иш-чара президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен, ошондой эле «Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды өткөрүү жөнүндө» жарлыгынын негизинде уюштурулууда.

Анын алкагында 17-мартта «Раймалы менен Бегимай» этно-мюзикли да ийгиликтүү тартууланган.

319