7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан Кытайга жүгөрү экспорттой баштады

322
Кыргызстан Кытайга жүгөрү экспорттой баштаганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, 25 тонналык алгачкы партия 16-март күнү жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күндө Кытайга жүгөрү экспорттоо укугуна эки ата мекендик ишкана ээ. Бул көрсөткүч өлкөнүн экспорттук потенциалы жогорулап жатканын жана фитосанитардык эрежелер так сакталып жатканын далилдейт.
Министрлик мындан ары да өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүлүп, кыргыз айыл чарба продукциясынын дүйнөлүк рыноктордогу үлүшүн кеңейтүү багытында иштер улана турганын белгиледи.
323