7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкө боюнча бардык бала бакчаларга видеокамера орнотуу каралууда

499

Өлкө боюнча бардык бала бакчага видеокамера орнотуу каралууда. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова «Биринчи радиого» берген маегинде билдирген.

Ал мындай чара Сузактагы бала бакчада балдардын сабалышынан кийин көрүлгөнүн айткан.

«Жергиликтүү бийликтер менен байланышып, видеокамера орнотулушу керектигин айттык. Аны колдонуу боюнча инструкция дагы жөнөтүлөт. Анткени купуялуулук дагы сакталып, ата-энелер балдарын камера аркылуу карап тура алгандай болушу керек. Ал эрежелердин сакталып жатканын бакчанын жетекчилиги көзөмөл кылышы кажет», — дейт Жусупбекова.

Анын айтымында, бул окуя сабак болуп, башка бала бакчаларда алдын алуу иштери жүргүзүлүшү зарыл.

500