7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө 1-4-класстардын окуучуларынын тамактануу ченеми 2 эсеге жогорулады

615

1-январдан тарта республикадагы жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануу ченеми 2 эсеге жогорулатылды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Токтомго ылайык, айрым социалдык мекемелердин тамактануу ченемин этап-этабы менен жогорулатуу максатында 2024-жылга республикалык бюджетте 999,4 млн сом өлчөмүндө каражат кошумча каралган.

Бул каражаттар жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун жакшыртууга жумшалат.

Мындан тышкары, тамактанууга төмөнкү өлчөмдөр белгиленет:
— жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттарда (санаторийлерден тышкары) — 90 сом;
— кесиптик-техникалык окуу жайларында (камкорчулукта жана көзөмөлчүлүктө болгон окуучуларды кошкондо) — 60 сом;
— мектеп жашындагы балдар үчүн санаториялык типтеги мектеп-интернаттарда 165 сом;
— атайын музыка жана искусство орто окуу жайларынын алдындагы мектеп-интернаттарда — 213 сом;
— орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү окуу жайларында окуган жетим балдар үчүн — 100 сом;
— жетим балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын реабилитациялык топторуна — 160 сом;
— Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжине — 489 сом, камкорчулукта (көзөмөлчүлүккө) болгон студенттер жана окуучуларга (окуу процессинде) — 60 сом;
— олимпиадаларды, кароолорду, окуу жыйындарын, шоуларды, мелдештерди жана башка иш-чараларды өткөрүүдө спортчулар жана катышуучулар үчүн — 120 сомдон 489 сомго чейин.

616