7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө 2040-жылга чейин маркумду өрттөөгө тыюу салуу сунушталууда

288

Кыргызстанда кремацияга 2040-жылга чейин тыюу салуу сунушталууда. Мамлекеттик кадр кызматы иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Белгилүү болгондой, тиешелүү мыйзам долбоорун Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик иштеп чыккан. Азыркы мыйзамда сөөктү кремациялоого кылууга уруксат берилген, бирок өлкөдө бул үчүн керектүү инфраструктура түзүлгөн эмес.

«Республикада крематорийлер жок. Ал үчүн каржылоо, экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо, ошондой эле коомдун маданий өзгөчөлүктөрүн эске алуу сыяктуу көп маселелерди чечүү зарыл», — делет маалыматта.

Мындан улам кремацияны 2040-жылга чейин токтотуу сунушталды. Ага чейин крематорийлерди курууга жана ишке киргизүүгө тыюу салынат.

289