«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жана жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн 5 миңден ашык видеокөзөмөл камерасы орнотулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди.
Министрдин орун басары белгилегендей, 2025-жылы жол кырсыгынын кесепетинен 900 адам каза болуп, 12 миңден ашууну ар кандай жаракаттарды алышкан.
«Унаалардын техникалык мүчүлүштүктөрүнөн улам 5 адам каза болуп, 29,9 миң адам жаракат алган, жалпысынан 657 протокол түзүлгөн», — деди Урмамбетов.



