8-9-ноябрь күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ эскертет.
Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы, өрөөндөрдө жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
8-ноябрда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.
Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.