Министрлер кабинети эмгек шарты өзгөчө мүнөздөгү кызматкерлердин жаңы тизмесин жана алар үчүн белгиленген кыскартылган жумуш убактысын бекитти. Тиешелүү № 859 токтомго 2025-жылдын 31-декабрында кол коюлган.
Документ КР Эмгек кодексинин 51 жана 194-беренелерин, ошондой эле «КР Министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 13 жана 17-беренелерин аткаруу максатында кабыл алынды.
Токтом менен өзгөчө мүнөздөгү жумушчулардын жаңыланган тизмеси жана алардын жумуш убактысынын ченеми бекитилди. Ага ылайык, иштин өзгөчөлүгүнө жана кесиптик тобокелдик деңгээлине жараша жумуш күнү негизинен 6 же 5 саат деп белгиленди.
Кыскартылган жумуш күнү төмөнкүлөр үчүн белгиленди:
- инфекциялык, кургак учук жана психиатриялык оорулуулар менен түздөн-түз байланышта болгон медицина кызматкерлерине;
- реабилитациялык борборлордун, физиокабинеттердин жана патологоанатомиялык кызматтардын кызматкерлерине;
- тез жардам станцияларынын, кан борборлорунун жана лабораториялардын персоналына;
- дарыканалардын, фармацевтикалык өндүрүштөрдүн жана дары-дармектердин сапатын көзөмөлдөөчү лабораториялардын кызматкерлерине;
- соттук-медициналык экспертиза кызматынын эксперттерине;
- радиоактивдүү заттар жана иондоштуруучу нурлануу булактары менен иштеген адистерге;
- социалдык мекемелердин, үй-интернаттардын жана балдардын адистештирилген мекемелеринин кызматкерлерине;
- лабораториялык-диагностикалык кызматтын жумушчуларына.
Өлүк материалдары, өзгөчө коркунучтуу инфекциялар жана радиация булактары менен иштеген айрым категориялар үчүн жумуш күнү 5 саат деп белгиленди.
Токтом төмөнкүлөрдүн күчүн жоготту деп тааныйт:
- Өкмөттүн 2008-жылдын 8-февралындагы № 39 токтомун;
- Өкмөттүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 131 токтомун.
Жаңы токтом расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.



