7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө 9 ай ичинде 4843 бала турмуштук оор кырдаалга кабылганы аныкталды

137

Кыргызстанда 2025-жылы 9 ай ичинде 4843 бала турмуштук оор кырдаалга кабылганы аныкталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 2514 балага жекече иштөө пландары (БЖЖП) иштелип чыгып, 2488 бала турмуштук оор кырдаалдан чыгарылган.

Мындан тышкары, 1277 үй-бүлө жардамга муктаж катары катталган. Алардын ичинен 947 үй-бүлө социалдык колдоо көрсөтүүнүн (социалдык жардам көрсөтүлгөн, окууга жөнөтүлгөн, документтештирилген ж.б.) аркасында кризистен чыга алышкан.

Ушул эле мезгил ичинде турмуштук оор кырдалга кабылган 444 бала ар кандай зомбулуктун түрлөрүнөн жабыркаган. Алардын баарына зарыл болгон социалдык жана психологиялык жардам көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, жогорудагы ишмердүүлүк 2015-жылдын 22-июнундагы №391 токтом менен бекитилген жобонун негизинде жүргүзүлөт.

138