Бүгүн, Республика боюнча коронавируска карата вакцинаны 92 433 адам алды. Бул тууралуу штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, вакцинация эки этап менен жүргүзүлүп, ортосу 21 күндү түзөт. Учурда 92 миңден ашуун кишинин 68 657си препараттын экинчи дозасын алды.
Ал эми акыркы суткада 2 967 киши сайдырган. Анын ичинен 2 079у эмдөөнүн экинчи этабынан өттү.
Вируска каршы дары сайдырган аймактардын сап башында Бишкек (22 миңден көп) менен Чүй (16 миңден ашуун) турат.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда Кытайдын Sinopharm жана Россиянын «Спутник V» вакциналары бар. Саны чектелүү болгондуктан россиялык препарат өнөкөт оорусу барлар менен улгайган жарандарга гана сайылууда. Кечээ анын 80 миң дозасы келди.