7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө акыркы суткада 24 жол кырсыгы катталып, 2 жаран көз жумду

457

 Өлкө аймагында акыркы суткада 24 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 35 жаран ар кандай жаракаттарды алып, эки адам көз жумду. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.

Кечээ, 20-декабрда өлкөдө аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барды.

“Башкармалыктын кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагында жана Бишкек — Ош унаа жолунда күчөтүлгөн тартипте иштеди. Башка муниципалдык кызматтар менен биргеликте жолдорду тазалоо, жолдорго кум, туз өңдүү инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүздү”, — деди ал.

Байказы Айтикул уулу Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унааларга күн мурун киргизилген чектөөлөр алынганын билдирди.

“Чектөөлөрдүн бардыгы бүгүн эртең мененки саат 9.00дөн тартып алынды. Азыркы учурда өлкө аймагында жолдордо эч кандай чектөөлөр жок. Каттамдар бар. Башкармалыктын кызматкерлери Бишкек шаарынын көчөлөрүндө орун алган жол тыгындарын жөнгө салуу боюнча иштерди жүргүзүүдө», — деп кошумчалады ал

458