7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бакыт Төрөбаев: «Азык-түлүккө болгон кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотуу маселеси каралууда»

908

Кыргызстанда азык-түлүктөрдүн кору жетиштүү. Бул тууралуу, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда буудайдын, ундун, өсүмдүк майынын жана кумшекердин кору жетиштүү.

“Азык-түлүк коопсуздугу дагы мамлекеттик коопсуздуктун негизине кирет. Муну эске алуу менен азык-түлүккө болгон кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотуу маселеси каралууда”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Ошондой эле, эгерде ун чыгаруучу комбинаттарында буудайдын кору түгөнө турган болсо, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында буудайдын кору жетиштүү экенин кошумчалады.

Ал эми, өсүмдүк майы боюнча дагы маселе жаралбайт, матрезервде майдын кору жетиштүү. Бул боюнча май чыгаруучу заводдор менен дагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн жана аларда күн караманын кору жетиштүү.

Мындан тышкары, кумшекер боюнча орчундуу маселе жаралбайт. Быйылкы жылга карата «Кошой» жана “Кайыңды кант” заводдору менен биргеликте 62 миң тонна кумшекер өндүрүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

909