7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад: Кылмышты жашырган милиция кызматкерлери жана кылмыштуу топ кармалды

690

Каракчылык кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү, ошондой эле кылмышты жашырган Сузак районунун милиция кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 9-декабрында кылмыштуу топтун 10го жакын мүчөсү Сузак районунун Ырыс айыл аймагында ок атуучу жана башка куралдарды колдонуу менен каракчылык кылганы аныкталган. Анын кесепетинен «Д.А.» аттуу жаран жабыркап, бычактан алган жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. Бирок, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери ошол кезде жетиштүү материалдарга карабастан, оор кылмыш жасаган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн табуу жана кармоо боюнча тийиштүү чараларды көрүшкөн эмес.

Ошол эле учурда милиция кызматкерлери кармалгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартпагандыгы үчүн алардан өзгөчө ири өлчөмдө пара алганы аныкталган. Аталган РОВД кызматкерлери кийин издөөдө жүргөн кылмышкерлердин жакындары менен бир нече жолу жолугуп, алар менен жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кылмышты жашыруу үчүн талап кылынган паранын суммасын айтышкан. Кызматкерлер алардын айрымдарын кармашып, ок атуучу куралдарын (уруксатсыз травматикалык тапанча) тартып алышкан, бирок тиешелүү процессуалдык документтерди толтурбастан, өздөрүнө өткөрүп беришкен. Бул тапанча Сузак РИИБнин ыкчам кызматкерлеринин иш бөлмөсүнөн тинтүү учурунда табылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 1-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад облусундагы Сузак РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы жана анын эки кол алдындагы кызматкерлери кармалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында каракчылык фактысын жасаган бул топтун 5 мүчөсү кармалды. Учурда бул кылмыштуу топтун жүргөн жерин аныктоо жана башка мүчөлөрүн кармоо боюнча ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

691