26-декабрдан тарта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында “Мен чемпион” аталышындагы кышкы оюндар старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Оюндардын салтанаттуу ачылыш аземи өтүп, ага Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев жана Ысык-Көл облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын кызматкерлери, атайын келген күйөрмандар катышты.
Кышкы оюндардын биринчи күнүндө лыжа жарышы жана хоккей боюнча беттештер башталды. Лыжа жарышы боюнча жалпы Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынан келген 60тан ашуун жаш спортчу катышты. Ал эми хоккей боюнча 5 курама команда беттешүүдө.
Белгилей кетсек, “Мен чемпион” кышкы оюндары балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин окуучулары арасында өтүүдө. Бүгүн, 27-декабрь тоо лыжасы, слалом дициплинасында жарыш жана хоккей боюнча финалдык беттештер болот.