Сузакта адам өлтүрүүгө шектелип 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга 32 жаштагы район тургуну кайрылып, 23-декабрь күнү болжол менен саат 09:00 чамасында 30 жаштагы аялы “Төркүнүмө барып келемин” – деп үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.
Аталган факты боюнча тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, издөө иштери башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин натыйжасында, 25-декабрь күнү саат 12:00 чамаларында Сузак районунун Атабеков айыл аймагындагы камыштын арасынан агып өткөн суунун ичинен, дайынсыз болуп жаткан келиндин жансыз денеси табылган.
Окуя болгон жерге милиция барып, жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлүп, мойнунда аял кишинин жоолугу оролуп, чачтары жазылган абалда жаткандыгы такталган.
Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жүрүшүндө жансыз дененин моюн бөлүгүндө муунтулган изи бар экендиги, өлүмүнүн себеби дем ала албай, абанын жетишсиздигинен улам келип чыккандыгы аныкталган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Атлаган кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун тургуну 1999-жылы туулган С.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө кылмыш ишти кандай жолдор менен жасагандыгы тууралуу айтып берген.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram