Сузактагы кыздар медресесинен өрт чыгып, эки кыз ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, комсомол айылында аянты 165 чарчы метр болгон кайрымдуулук мекемесинин, кыздар медресеси, мансард тибинде салынган имараттын чатыры, 26 даана төшөк жана шыбы күйүп кеткен. 2004-жылкы Б.А жана 2006-жылкы Б.Ж аттуу жарандар өздөрүн жаман сезгендигинен улам, тез жардам кызматы тарабынан облустук ооруканага жөнөтүлгөн.
«Күйүк алган эмес. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан», — деп айтылат билдирүүдө.