Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун 26-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынындагы түшүнүксүз жана талаштуу билдирүүсүнө байланыштуу Тышкы иштер министрлиги төмөнкүлөрдү белгилейт.
Кызматка дайындалганга чейин Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ар бир кызматкери соттуулугу жоктугун аныктоо боюнча Кыргызстандын компетенттүү органдарында атайын текшерүүдөн өтөт. Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн бардык кызматкерлери Тышкы иштер министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүндө тиешелүү кесиптик даярдыктан өтүшөт.
«Ошол эле учурда депутат Атазов ТИМдин тутумунун кайсы кызматкеринин соттуулугу бар экендиги тууралуу маалыматты Министрликке тактап бере алган жок. Эгерде депутат өзүндө бар болгон тиешелүү маалыматтарды берсе, Министрлик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүүгө даяр»,- деп берилет билдирүүдө.
Буга чейин ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Шайлообек Атазов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду айрым кызматкерлеринин компетентсиздигине токтолуп, Тышкы иштер министрлигинде кадрдык тазалоо жүргүзүүгө чакырган.