7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-тажик Чек ара кызматтарынын башчылары жолукту. Кандай маселелер талкууланды

615

Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматтарынын башчылары Баткендин Лейлек районундагы Борбордук айылында жолугушту. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-декабрда Лейлек районунун Борбордук айылында КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин жетекчилиги менен күч структураларынын жетекчилери Баткен жана Лейлек райондорунун акимдери, Согди облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен район акимдеринин катышуусунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга ошондой эле УКМК Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев жана Тажикстандын Чек ара кызматынын жетекчиси Раджабали Рахмонали да катышты.

Эки тараптуу жолугушууда чек арага жакын жерлерде мыйзамсыз инженердик иштерди жүргүзбөө, эки тараптын күч структуралары биргеликте иш алып баруу ошондой эле чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо боюнча жана башка маселелер каралды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

616