Өлкө аймагында 16-июндан 22-июнга чейин 21 миң 758 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББдан билдирди.
Анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 663;
 - мас абалында унаа башкаруу – 271;
 - терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 105;
 - жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 646;
 - транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 938;
 - авто ээнбаштык – 16;
 - белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 165;
 - жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 6;
 - башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 9 660;
 
Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 288 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.



