Кыргызстанда акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы бүгүн ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу 7-каналга Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өзү билдирди. Анан маалыматына караганда, 22 жаштагы кызга, 62 жаштагы атасы бөйрөгүн берген.
“Операцияга бүгүн 1-февраль эрте менен киргенбиз. Бөйрөк алмаштыруу 4 саатка созулду. Азыр бейтаптардын абалы жакшы. Бул операция президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашты. Буга чейин операциялар акылуу болсо, азыр акысыз жасалды”, — деп билдирди Бейшеналиев.
Кыргызстанда бөйрөктү бекер алмаштыруу үчүн 105 бейтап кезекке турду. Учурда 50 трансплантацияга акча бөлүнгөн.