7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Күйүүчү майды жеткирүү боюнча кырдаал кандай?

162

Кыргызстанга мунай продуктуларын жеткирүүдөгү кырдаал боюнча Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов “Кабар” агенттигине маалымат берди.

Анын айтымында, учурда республикага бензин жана дизелдик отун азыраак көлөмдө келип жатат. Бирок бул убактылуу кыйынчылыктарды жеңилдетүүгө жана баанын олку-солкулугун текшилөөгө мүмкүндүк бере турган өлкөдө күйүүчү майдын запастары бар.

«Күйүүчү жана майлоочу майлар рыногундагы кырдаал күтүлбөгөндөй бир аз татаалыраак болуп жатат, себеби, акыркы эки айда россиялык нефтини кайра иштетүүчү заводдор бизге жөнөтүүнү азайтышкан. Биздин бир катар негизги жеткирүүчүлөрдүн нефтини кайра иштетүүчү заводдору пландуу да, авариялык да оңдоодон өтүүдө. Натыйжада нефтетрейдерлердин запастары бир айга чейин азайды. Ошондуктан бул кырдаалды жөнгө салуу үчүн өкмөттөн жардам сурадык», — деп түшүндүрдү Эшатов.

Учурда трейдерлер кыргыз өкмөтү менен тыгыз кызматташып, кошумча күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылуу үчүн аракет жүргүзүүдө.

163