16-декабрга карата 39 адам коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, илдеттен эки киши каза болду.
- Бишкек шаарында 18 учур,
- Чүй облусунда 9
- Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында үчтөн,
- Талас облусунда 2,
- Баткенде бир, Ош облусунда 2,
- Ош шаарында 1 учур катталды.
Азыркы тапта өлкө боюнча 664 бейтап коронавирустан дарыланып жатат. Алардын 313си ооруканада болсо, 351 киши медициналык жардамды үйүнөн алууда.