Быйылкы жылдын январь-июнунда өлкөдө кызматкерлердин орточо айлык эмгек акысы 53 миң 759 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 27,5 пайызга өскөн. Ошентип, бир жыл ичинде орточо айлык 11,6 миң сомго көбөйгөн.
Айлык акынын эң жогорку өсүшү искусство, көңүл ачуу жана эс алуу тармагында – 49,2 пайыз, саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөөдө – 43,7 пайыз, билим берүү тармагында – 42 пайыз болгон.
Ошондой эле айыл чарба, токой чарбасы жана балык уулоочулукта айлык акы 36,1 пайызга, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердикте 33,1 пайызга жогорулаган.



