7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө сасык тумоо менен ооругандардын саны 11,7 пайызга азайды

98

Үстүбүздөгү жылдын 50-жумасында (8-14-декабрга чейин) курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун 37 миң 629 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мурдагы жумага салыштырмалуу (42 561 учур) оорулардын саны 11,7 пайызга азайганы байкалган. Ооругандардын жалпы санынын 72,2 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

15-декабрга карата республика боюнча инкубациялык мезгилге байланыштуу 526 мектеп онлайн окутууга өткөрүлдү.

Ошондой эле 403 мектепке чейинки билим берүү мекемеси инкубациялык мезгилге жабылды.

Аймактык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун адистери КРВИ жана сасык тумоого чалдыгуу боюнча күн сайын мониторинг жүргүзүүнү улантууда.

99