7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө цитрус өсүмдүктөрүн өндүрүү жылдан-жылга өсүүдө

192

Кыргызстанда 2025-жылы 9 ай ичинде эт өндүрүү – 103, сүт – 102,7, жумуртка – 106,4 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, азык-түлүк коопсуздугу боюнча республиканын калкы негизги 9 тамак-аш азыктардын 6 түрү менен толук камсыздалды, калган 3 түрү боюнча камсыздоо иштери жүрүп жатат. 

Негизги азыктардан тышкары, Кыргызстанда цитрус өсүмдүктөрү –мандарин, апельсин, лимон, кумкуват өстүрүлө баштады.

Эгерде 2023-жылы 801 гектардан 3 929 тонна өндүрүлсө, 2024-жылы 1 058 гектардан 4 839 тонна өндүрүлдү. Цитрустарды өндүрүү жылдан-жылга өсүүдө. 

193