Кыргызстанда жыл башынан бери 1200 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевдин унаа транспорту жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда айтылат.
Министрдин айтымында, бул башка жылдарга салыштырмалуу рекорддук көрсөткүч.
«Жол тармагына башка жылдарга салыштырмалуу өзгөчө көңүл бурулуп, Транспорт министрлиги өлкөнүн булуң-бурчунда заманбап, сапаттуу жолдорду куруу иштерин ийгиликтүү ишке ашырууда. Тармактын өнүгүүсүнө жакшы шарттар түзүлүп, бир катар ири долбоорлор мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулуп жатат. Тактап айтканда, Барскоон — Бедел, Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол, Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка, Нарын — Баетов унаа жолдору курулуп жатат.
Миллиондогон жашоочусу бар Бишкек шаарынын айланасындагы жолдорду кеңейтүүнүн алкагында Бишкек — Кант, Бишкек — Күн-Туу — Шопоков, Лебединовка — ГЭС 5 жана Бишкектин — Түндүк айланма жолдору курулууда. Жол тыгынын алдын алуу жана айдоочуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында, Бишкек шаарын айланып өтүүчү жаңы магистраль куруу — заман талабы болду. Министрлик быйыл 6 тилкелүү магистралды куруу иштерине активдүү киришти. Түндүк – Түштүк альтернативдүү автожолундагы 5 кошумча курулманы куруу иштери уланууда.
Быйыл, бир катар ири жолдордун ачылышы өтүп, пайдаланууга берилди. Өз милдетин ашыгы менен аткарып, жарактан чыккан Өзгөн — Мырза-Аке — Кара-Кулжа жолунун 33 чакырымы капиталдык оңдоодон өттү. Замандын талабына ылайык салынган жолдун курулушу 4 айдын ичинде жыйынтыкталды. Көп жылдан бери көтөрүлүп, бирок бир катар себептерден улам кийинкиге жылдырылып келген Ош — Баткен — Раззаков жолу жасалды. Туруктуу туризмдин өнүгүшүнө, аймактык каттамдарды жакшыртууга түрткү берген Түп-Кеген жолу ачылды. Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсү кыска мөөнөттө жаңыланып, пайдаланууга берилди», — деди министр.



