7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөгө дүйнөдөгү эң чоң «Харли-Дэвидсон» мото клубунун өкүлдөрү келет

398

Кыргызстанга дүйнөдөгү эң чоң «Харли-Дэвидсон» мото клубу келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык баракчасына жазды.

Анын айтымында, туристтик сезон мына ушундай жагымдуу окуя менен башталганы турат.

«Дүйнөдөгү мото сүйүүчүлөрдүн арасындагы эң чоң болуп Кытайдагы «Харли-Дэвидсон» клубу саналат. Анын курамын кытайлык ири компаниялардын жетекчилери, ишкерлер жана белгилүү блогерлер түзөт. Алар жыл сайын дүйнөнү кыдырып, туристтик жайларды көрүп, барган өлкөнүн меймандостугун, кооздугун, артыкчылыктарын дүйнөгө, миллиард калкы бар кытай элине жарнамалап таанытышат. Аталган клубдун өкүлдөрү өздөрүнүн мото унаалары менен бүгүн Кыргызстанга келишет. Алдынкы күндөрү Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарын кыдырып, Торугарт аркылуу Кытайга кайтып кетишет. Кош келиңиздер кымбаттуу кытайлык достор!», — деп жазды ал.

399