7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөгө сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

872

Президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен Бишкекте бүгүн, 29-декабрда, ар кыл тармактын өкүлдөрүнө өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү күндө жетишкендиктери үчүн адилет баасын алган, мамлекеттик сыйлыктар жана наамдар менен сыйланган мекендештердин ордун белгиледи.

Ал баса белгилегендей, бүгүнкү сыйлык ээлери эмгекке берилгендиги жана жогорку кесипкөйлүгү менен өлкөнүн өнүгүшүнө, жалпы интеллигенциянын калыптанышына зор салым кошуп жатышат.

Президент Садыр Жапаров чогулгандардын баарын келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, залда отурган ар тармактын усталары, өз өлкөсүнүн мекенчилдери өлкөбүз үчүн болгон билимин, тажрыйбасын аяшкан жок, деп баса белгиледи. Алар жамы журттун, жалпы Кыргызстандын ишенимдүү таянычы, тиреги болуп саналат.

Сыйлыктар Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө зор салым кошкон жарандарга ыйгарылды.

https://www.president.kg/kg/okujalar/zhanylyktar/24105_lkg_siirgen_zgch_emgegi_chn_kirgizstandiktarga_mamlekettik_siyliktardi_tapshiruu_saltanattuu_azemi

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

873