Бүгүн өлкөнүн көпчүлук аймактарында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
«27-ноябрь күнү саат 06:27де Кыргыз Республикасынын аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Ош облусунун Ноокат районун Жайылма жана Чоң-Алай районунун Ачык-Суу, Кашка-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок», — деп жазылат маалыматта.