7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөнүн айыл-чарба өндүрүүчүлөрү күйүүчү-майлоочу майлар менен 60% камсыздалган

1044

Кыргыз Республикасындагы 2021-жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө республика боюнча жалпысынан 39,1 миң тонна күйүүчү-майлоочу материалдар керектелсе, бүгүнкү күнгө карата 60,0%га камсыздалган. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, күйүүчү майлоочу материалдарга болгон орточо баалар түштүк аймакта – 42,0-45,3 сом/литри, түндүктө 39,9-40,9 сом/литри болууда.

Республиканын айыл-чарба товар өндүрүүчүлөрүн күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо максатында 2021-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлиги менен Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын ортосунда өз ара түшүнүү Келишимине кол коюлган.

Келишимдин шарты боюнча, айыл-чарба техникасынын үзгүлтүксүз ишин камсыздоо максатында Нефтетрейдерлер ассоциациясына нефтебазаларда жана май куйуучу станцияларда күйүүчү-майлоочу материалдардын тийиштүү көлөмөдө топтоп, май куйуучу жайларда камсыз кылышы жүктөлгөн.

Бүгүнкү күнгө карата нефтебазаларда жана май куючу жайларда 23,2 миң тонна дизель отуну бар.

Жалпысынан республикада күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо боюнча абал туруктуу жана тартыштык күтүлбөйт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1045