Биринчи май РИИБнин басма сөз кызматы Биринчи май районунун Мурас-Ордо конушундагы баланын өлүмү боюнча маалымат берди.
«Окуя болгон жерге Биринчи Май РИИБнин тергөө-ыкчам тобу жана Бишкек ШИИБдин жетекчилиги барган. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан зарыл болгон тергөө иш-чаралары жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат, кийинчерээк кошумча маалымдайбыз», — деп жазылат маалыматта.