Жалал-Абад облусунун Токтогул Тыныбеков атындагы облустук филармониясынын «Мөлмөл» фольклордук музыкалык ансамбли 2025-жылдын 29-сентябрынан 10-октябрына чейин Индиянын Нью-Дели жана башка шаарларында өтө турган IX Эл аралык «Рамаяна» фестивалына катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Мөлмөл» ансамбли учурда кыргыз элинин бай маданий мурасын жана салттарын чагылдырган элдик ырлардан, обондордон жана бий номерлеринен турган концерттик программасын даярдоодо.
Кыргыз фольклордук жамаатынын бул кадыр-барктуу эл аралык фестивалга катышуусу Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосундагы маданий байланышты чыңдоого жана кыргыз музыкалык маданиятын дүйнөлүк аренада жайылтууга багытталган.
«Рамаяна» фестивалы жыл сайын ондогон өлкөлөрдөн келген фольклордук ансамблдерди бириктирип, Түштүк Азиядагы эң ири маданий аянтчалардын бири болуп саналат.