7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мүмкүнчүлүгү чектелген абитуриенттер эми ЖОЖго 95 балл менен өтө алат

815

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди жогорку окуу жайларга кабыл алуудагы босого балл төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги,  ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жогорку билим алууга жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында, өлкөнүн жогорку окуу жайларына тапшырууда I жана II топтордогу майыптыгы бар адамдарды медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден башкасына кабыл алуудагы босого баллды төмөндөттү.

Гранттык орундарга босого балл – негизги тест боюнча 100 балл, акы төлөп окутуунун бардык формаларына босого балл – негизги тест боюнча 95 балл деп белгиленди.

Белгилей кетсек, азыркы билим берүү системасы инсандын жекече билим алуу муктаждыктарына дал келүүгө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды окутууга бирдей мүмкүнчүлүктү камтыган инклюзияны өнүктүрүүгө багытталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

816