7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мөөнөтү 3-4 күн алдыга жазылган. “Кав&Кевдин” башчысы кармалды

162

«КАВжанаКЕВ» дыйкан чарбасынын башчысы, КР жараны А.В.К. тарабынан КР мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган адам тиешелүү уруксат берүүчү, медициналык жана миграциялык документтери жок чет өлкөлүк жарандарды ишке тарткан, алар антисанитардык шарттарда өлкөнүн калкы үчүн тамак-аш азыктарын даярдоо менен алектенишкен.

Мындан тышкары, жарактуу мөөнөткө ылайык келбеген мөөнөттөрдү продукцияларга чаптоо фактылары аныкталган.

2025-жылдын 17-ноябрында «КАВжанКЕВ» дыйкан чарбасынын башчысы А.В.К. кармалып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунун, 297-беренесинин 1-бөлүгүнүн жана 379-беренесинин 3-бөлүгүнүн (мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, документтерди жасалмалоо, керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү) кылмыштарын жасаган деген шек менен КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү тергөө жана оперативдик иш-чаралар уланууда.

163