7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мөөнөтүнөн ашып кеткен чет өлкөлүктөр кыргызстанга кире албайт

6

Кыргызстанда белгиленген мөөнөттөн ашык жүргөн чет өлкөлүк жарандарга өлкөгө визасыз кайра кирүүгө чектөө киргизилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин 7-сентябрдагы №602 токтомунда айтылат.

Жаңы тартипке ылайык, мөөнөтүнөн ашык жүргөн чет өлкөлүктөр Кыргызстанга кайра кире албайт.

Бирок өзгөчө шарт каралган. Эгер алардын Кыргызстандын жарандыгы бар жубайы же жашы жете элек баласы болсо, туугандыгын документ менен тастыктаган учурда өлкөгө бир жолу кирүүгө уруксат берилет.

Мындай мүмкүнчүлүк укуктук статусун мыйзамдаштыруу үчүн берилет. Кыргызстанга киргенден кийин жаран 30 жумушчу күндүн ичинде тиешелүү уруксат документтерин тариздөөгө тийиш.

Ошондой эле мөөнөтүнөн ашык жүргөн чет өлкөлүктөр мыйзамда белгиленген тартипте жашап турууга уруксат алуу үчүн кайрыла алышат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

7