— Биз эмес, инженердик потенциалы жогору Россия да эски заводдорун иштете алган жок: Горький автозаводу, Москвич заводу, ЗИЛ заводу, эски телевизор заводдору, трактор заводдору, самолёт заводдору… эмгиче иштебей турат. Ал заводдор чек ара жабык конкуренция жок кезде гана иштеген… Россия телевизор, чөнтөк телефон, компьютер, планшет, автомашина, жүргүнчү учак…, ал гана эмес дөңгөлөктүү трактор да чыгара албады. А бизде инженер деген жокко эсе, бир нерсе жасасак да Кытай менен конкуренция кыла албайбыз. Анын үстүнө Кыргызстандагы заводдордун дээрлик бардыгы согуш үчүн керек нерселерди чыгарчу. Ал жерлерде кыргыздар иштечү эмес. Бүт жумушчулар Россиядан келчү. Аларга квартира берчү. А биз, кыргыздар, орус кемпирлердин үйүндө бир комнатада квартирада жашачубуз. Бишкекте кыргыз тилинде жалгыз мектеп болгон. Бир аздан кийин ал да кыскартылмак. Бишкектин 25% жашоочусу гана кыргыздар болгон…Ошентип улут катары жок болуп бараткабыз. СССР өзүнөн-өзү өлүп калды, анткени социализмдин келечеги жок эле.
1990-жылдан баштап Кыргыз Республикасы нөлдөн баштады. Акаев президент болуп шайланды. Көптөгөн реформаларды жасады. Союзда биринчи болуп эгемендикти жарыялады. Жерди, малды элге бөлүп берди. Орустардын, кошуналардын каршылыгына карабай өзүбүздүн валютабызды киргизди, экономиканы менчикке айландырды, бизнеске жол ачты… Баардык нерсе биринчи болуп жаткандыктан тактикалык каталар да кетти. Бирок стратегиясы туура эле…
Завод-фабрика деп аткандар неге азыр аларды тургузушпайт? Жерди иштетип Кыргызстанды алмабакка айлантышпайт? Колунан эч нерсе келбегендер сындап жатышат… Ошол этапта коптогон өзгөрүүлөр болгон. Кошуналар бизге суктанышчу…
«Артты карай берсең — аңга түшөсуң » кыргыз макалы…