7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өмүрбек Бабанов 2017-жылы шайлоо кандай өткөнүн эске салды

13

Мурдагы премьер-министр, ишкер Өмүрбек Бабанов өзүнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саясий атаандаштык тууралуу акыркы билдирүүлөрүнө комментарий жазды.

Ал саясий талкуулардан алыс экенин, бир гана адилеттик, калыстык үчүн кыскача ой бөлүшүп коюуну туура көргөн.

«2017-жылы кандай шайлоо өткөнүн эл унуткан жок. Мамлекеттик ресурстар бир тарапты сүрөп, дарыгерлер менен мугалимдерди саясатка зордоп аралаштырып, адамдарды коркутуп-үркүтүп, агитаторлорду тоого алып барып сабаган учурлар болгон. Ошол жылы 500 миң кыргызстандыктын добушу менен үмүтү уурдалганын эч ким жокко чыгарбас. Ошондо Кыргызстандын келечегин жана туруктуулугун ойлоп, командамды токтотуп, өзүм убактылуу сыртка чыгып кеткенмин. Шайлоо учурунда, андан кийин да коомду бөлүп жарган бир дагы билдирүү жасаган эмесмин. Кошумча, атаандаштык жөнүндө бир нерсени да унутпайлы: Атамбаевдин бир уулу шаардык кеңеште, экинчиси Жогорку Кеңеште, эми кайра талапкер болуп жатат. Мындай учурда атаандаштык жөнүндө айтуу башка бирөөгө көбүрөөк жарашмак. Азыр болсо өлкөдө стабилдүүлүк орноп, криминалсыз, башаламандыксыз тартип түзүлүп жатканын көрүп турам. Ошондуктан бүгүнкү биздин милдет – өлкөдөгү туруктуулукту сактап, анын өнүгүшүнө көмөктөшүү… Мамлекеттин тагдыры жеке таарынычтан, жеке амбициядан да маанилүү. Сизде эгер чын эле таарыныч бар болсо, анда акылман, тажрыйбалуу аксакал катары туура кадам жасоого чакырам. Сырттан туруп талашпай-тартышпай, тескерисинче, Кыргызстанды алдыга жылдырууга умтулалы», — деп жазды ал.

Ал бүгүн өлкөгө саясий чаң-тополоң эмес, тынчтык жана биримдик керек экенин кошумчалап, ушул гана элибизге өнүгүү алып келет деп жыйынтыктады сөзүн.

14